Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН САНЫ 15% КЫСКАРТЫЛАТ

ӨЗБЕКСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН САНЫ 15% КЫСКАРТЫЛАТ

 942 Бардыгы /

Өзбекстанда 1-майдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин саны 15% кыскартылат. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттик башкаруудагы, анын ичинде департаменттер менен бөлүмдөрдөгү 5 288 кызматкер кыскартылат. Мындан тышкары министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринин 40 орун басарынын кызмат орундары жоюлат.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстанда министрликтер дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Ислам Каримовдун тушунда 13 министрлик болсо, азыр алардын саны 24тү түзөт. Мындан тышкары министрлик макамына ээ дагы 10 мамлекеттик комитет бар. Ошол эле маалда Каракалпакстан республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы да премьер-министрдин орун басары болуп эсептелет.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17