Аймак

ТАШИЕВ: БАТКЕНДЕ ӨРТТӨЛГӨН ҮЙЛӨРДҮ ӨЗ КҮЧҮБҮЗ МЕНЕН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕБИЗ

ТАШИЕВ: БАТКЕНДЕ ӨРТТӨЛГӨН ҮЙЛӨРДҮ ӨЗ КҮЧҮБҮЗ МЕНЕН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕБИЗ

 1,161 Бардыгы /

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда өрттөлгөн, талкаланган турак жайларды кыргыз өкмөтү калыбына келтирет. Бул тууралуу Лейлек районундагы Максат айылында эл менен жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып, өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнү Тажикстандан талап кылбай турганын айтты.

“Биз азыр бул үйлөрдүн кайсы бир чыгымын көтөрүп бер деп кайрылбайбыз. Өзүбүздүн күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Өз мүмкүнчүлүгүбүз менен өз элибизге үй курабыз. Эгерде кайсы бир убакытта тажик тарап кылган иштерине өкүнүп, келтирилген зыянды толтурам деп кайрылса, аны карайбыз. Азыркы учурда биз алардан жардам бер деп суранбайбыз”,-деди Ташиев.

Ал өрттөлгөн үйлөр күзгө чейин курулат деп убада берди.

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны облус боюнча 50 миңге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн УКМК жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17