Аймак

ӨКМӨТ БАТКЕН ОБЛУСУНА ӨЗГӨЧӨ МАКАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН ДОКУМЕНТ ДАЯРДАДЫ

ӨКМӨТ БАТКЕН ОБЛУСУНА ӨЗГӨЧӨ МАКАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН ДОКУМЕНТ ДАЯРДАДЫ

 1,446 Бардыгы /

Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады. Эгер ал кабыл алынса, аймакта салыктан жеңилдиктер болот.

Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 3-майда аймактагы Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушканда билдирди. Чечимге Марипов кол коюп, парламенттин кароосуна жиберилди.

Өкмөт башчы турак-жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үй куруларын айтты.

“Баткен районунда 30, Лейлек районунда 70 турак-жай курулат. Комиссия эсептеп жатат. Суук түшкөнчө курулуш иштерин аякташыбыз керек”, – деди Марипов.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. “Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17