Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАРЫГЕРЛЕР ҮЙ ШАРТЫНДА ДАРЫЛАНЫП ЖАТЫШКАН БЕЙТАПТАРДЫ КЫДЫРЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАРЫГЕРЛЕР ҮЙ ШАРТЫНДА ДАРЫЛАНЫП ЖАТЫШКАН БЕЙТАПТАРДЫ КЫДЫРЫШТЫ

 816 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында дарыгерлер үй шартында дарыланып жатышкан бейтаптардын ден соолугун туруктуу көзөмөлдөө максатында алардын үйлөрүн бир-бирден кыдырышты.

Ошентип, шаардык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккан 46 жаран үй шартында гана дарыланууда. Калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, аймактык башкаруу мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте үймө-үй кыдырышып, бейтаптардын абалын такай көзөмөлдөшүп, дартты жакындарына жугузбоо жана санитардык эрежелерди туура сактоо максатында атайын кеп-кеңештерди дагы беришти.

Мындан тышкары ак халатчандар калкка өзүн-өзү дарылоо кооптуу экендигин катуу эскертишип, ооруга чалдыккандарды 118 ыкчам байланыш номерине сөзсүз кайрылууну үстөккө-босток эскертип жатышат.

ТҮШТҮКТӨ COVID ДАРТЫН ЖУКТУРГАНДАР КӨБӨЙҮП БАРАТАТ

ОШ. Күн сайын берилип жаткан статистикага караганда, акыркы мезгилде Ош менен Жалал-Абад аймактарында таажы илдетинин вирусун жугузгандардын саны улам арбып баратат. Мисалы, бүгүн Ош облусу менен Ош шаарында 127 кишиден вирус табылып олтурат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 224;
  • Ош шаары – 80;
  • Чүй облусу – 73;
  • Ош облусу – 47;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 27;
  • Баткен облусу – 10.

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17