Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,066 Бардыгы / УКМК 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага “Кумтөр ишине” байланыштуу “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши козголгондордун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, Данияр Нарымбаев жана Алмазбек Баатырбеков тергөө бүткүчө камакка алынган. […]
1,067 Бардыгы / УКМК 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага “Кумтөр ишине” байланыштуу “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши козголгондордун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, Данияр Нарымбаев жана Алмазбек Баатырбеков тергөө бүткүчө камакка алынган. […]
КУМТӨР ИШИ: НАРЫМБАЕВ МЕНЕН БААТЫРБЕКОВ КАМАЛДЫ
10.06.2021 / Автор aymak1,068 Бардыгы /
УКМК 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага “Кумтөр ишине” байланыштуу “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Кылмыш иши козголгондордун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, Данияр Нарымбаев жана Алмазбек Баатырбеков тергөө бүткүчө камакка алынган. Динара Молдошева үй-бүлөлүк абалы жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.
Молдошева 27-майда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.
Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.
Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.
“Кумтөр иши” боюнча парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да камалган. Бешөөнө тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.
УКМК камалган саясатчылардын баары Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан жемкорлукка шек саналып жатканын расмий кабарлады. Бирок кайсы жылда болгон аракеттер, кайсы фактылар экенин айта элек.
Камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Исхак Пирматовдун адвокаттары алар 2012-жылы парламентти жана тармактык комитетти жетектеп турганда ошол кездеги, азыркы президент депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн камалганын айтып чыгышты.
“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Алар тергөөнүн купуялуулугу деп, сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек.
WWW.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
-
28.03.2024 / Автор anarkan_kg Р.АБДЫКАДЫРОВДУН АМФИТЕАТРЫ КУРУЛАТ
-
03.04.2024 / Автор anarkan_kg БЕЙКҮНӨӨ САБАЛГАН БАЛА ИИМде КАДР СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТТҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.