Аймак

18-ИЮНДА ИРАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТӨТ

18-ИЮНДА ИРАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТӨТ

 861 Бардыгы /

Ирандын эң консервативдүү саясатчыларынын бири Ибрагим Раиси 18-июнда өтө турган президенттик шайлоодо жеңишке жетиши ыктымал экени айтылууда. Раиси 2019-жылдан бери өлкөнүн сот бийлигин жетектейт. Аны 1988-жылы он миңдеген оппозициячылардын өлүмүнө күнөөлөгөндөр бар.

61 жаштагы Ибрагим Раиси 2017-жылы да президенттикке талапкерлигин коюп, бирок азыркы президент Хасан Роуханиге утулуп калган. Ал шайлоочулардын 38% добушун алган.

Жергиликтүү байкоочулар азыр консерваторлор Раисинин жеңишке жетиши үчүн бардык шартты түзүшкөнүн белгилешүүдө. Алардын айтымында, коррупционерлердин манжаларын гана эмес, колун да кесүүгө убада берген адам президент болушу мүмкүн.

“Анын ысымын Ирандагы башкача ойлонгондорду жапырт түрдө өлүм жазасына тартуу окуясы менен байланыштырышат, ал гана эмес Хасан Роухани бир жолу ага бул тууралуу эскерткен”, – деди мурдагы ирандык саясий туткун Ираж Месдоки.

Ибрагим Раиси 1988-жылы ислам режиминин оппозициячыларын өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарган комитеттин курамында болгону үчүн АКШ ага санкция киргизген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17