Аймак

БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ 50 ЭМДӨӨ БЕКЕТИ ИШКЕ КИРИШТИ

БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ 50 ЭМДӨӨ БЕКЕТИ ИШКЕ КИРИШТИ

 1,215 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусунда COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында жалпысынан 50 эмдөө бекети ачылды. Бул жөнүндө Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

Жаныбек Исаковдун айтымында, аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринде ушул тапта он мобилдик бригада түзүлгөн.

  • COVID-19га каршы эмдөө үчүн Баткен облусуна 90 миң доза

Sinopharm, 2 миң доза AstraZeneca вакцинасы бөлүнгөн. Жалпы облус боюнча 34 миң 478 адам эмдөөдөн өткөрүлдү, – деп кошумчалады Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков.

Баса, ушул күнгө карата эмдөөдөн өткөндөр боюнча маалымат:

Баткен району – 5976 (47,8 пайыз);
Баткен шаары – 2 539 (33,8 пайыз);
Кадамжай району – 14 419 (43,6 пайыз);
Лейлек району – 7 477 (33,3 пайыз);
Кызыл-Кыя шаары – 2 700 (22,5 пайызы);
Сулүктү шаары – 1 367 (52,5 пайыз).

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17