Аймак

Каныбек АПБАСОВ: “ЖУМУРТКАДАН КЫР ИЗДЕП КӨНГӨНДӨР ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН РЕФОРМАСЫНАН КЫНТЫК ТАБЫШПАЙТ!”

Каныбек АПБАСОВ: “ЖУМУРТКАДАН КЫР ИЗДЕП КӨНГӨНДӨР ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН РЕФОРМАСЫНАН КЫНТЫК ТАБЫШПАЙТ!”

 2,751 Бардыгы /

          Каныбек АПБАСОВ Чүй облусундагы Чүй районун беш жарым жыл бою үлгүлүү жетектеди. Бул аралыкта кара жанын карч уруп таза гана эмгектенди. Артынан бир дагы жаман сөз ээрчиткен жок! Ошол себептүү Президент Садыр Жапаров ротациянын негизинде аткаруу бийлигинин жоокерин эң алыскы жана абдан тооолуу Алай районуна акимдикке дайындады.

  • Каныбек мырза, байкагандырсыз. Алай району өтө эле

чаржайыт жайланышкан.  Жалпысынан он төрт Айыл Өкмөтүнөн куралган. Эми бара-бара Айыл Өкмөттөрүн ирилештирип, Мобилдүү Аймакка айландыруу демилгесине кошуласызбы?

  • Президентибиз Садыр Жапровдун Аймактарды кошуу, мындайча

айтканда, ирилештирүү саясаты – бул азыркы мезгилдин эч кечиктирилгис талабы жана милдети! Кыргызстан мындай реформаны эртедир-кечтир башынан сөзсүз кечирмек. Андыктан, адаттагысынча жумурткадан кыр издеп көнгөндөр мындан деле шылтоо табаарынан менин күмөнүм бар.

  • Өзү Алай районуна караган, тилекке каршы, туш тарабынан

Кара-Суу району менен тегиз курчалган Жайы-Алай Айыл Өкмөтүнүн, мындача айтканда, анклавнын тургундарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз этүү баш оорутмага айланыптыр. Муну неге эмдигиче биржаңсыл чечпей келатасыздар?

– Биздин районубузга караган Жаңы-Алай Айыл Өкмөтүнүн тургандарын электр энергиясы менен шартка жараша Кара-Суу райондук электр тармактары  ишканасы гана камсыздайт. “ОшЭлектро” ачык акционердик коомунун жетекчилиги менен ачык сүйлөшүп, маселени кабыргасынан коюп жатып, акыры орток чечимге токтолдук.

Ошентип, бул маселени Алай райондук электр тармактары  ишканасын катыштырбастан туруп эле оң жагына биротоло чечтик. Кара-Суу райондук электр тармактары  ишканасынын жетекчилиги мындан ары жаңы-алайлыктарды эч качан өгөйлөбөйт. Буларга деле кудум жергиликтүү кара-суулуктардай эле мамиле жасаганга катуу милдеттендирилди.

  • Баамдагандырсыз. Жергиликтүү калктын мал-калинин саны

уламдан улам көбөйүп гана баратат. Тилекке каршы, жайыт тартыш экен. Эми кантесиздер?

  • Районубузда 336 миң гектар жайытыбыз бар. Булардын арасынан 18

миң гектарына көп жылдык чөптөр эгилген. Жыл өткөн сайын булардын түшүмү деле жаман эмес.

          Ал эми Алай районундагы жайыттар Айыл чарба жана суу министрлигине караштуу Жайыттар департаментинин түздөн-түз көзөмөлүндө. Бул аймактардын инфратүзүмдөрүн заманбап жакшыртуу дагы дал ушулардын жоопкерчилигинде турат. Жайыттарды пайдалануучулардан түшүрүлгөн каражаттардын эсебинен тээ алыскы жайлоолорго дейре автоунаа жолдору салынып, мал-келдин тоютуна камкордук көрүү дагы – дал ушул мекеменин эң башкы пазийпасы.

  • Тоолуу райондордо, айрыкча Алай жергесинде жайда

кургакчылык катуу өкүм сүрүп, кышка жетиштүү жем-чөп камдалган жок! Кокусунан жут каптаса, баары тегиз кымбаттаса,  анда кантесиздер?

  • Кыргызстанда Бааларды дайыма туруктуу жөнгө салууучу

Антимонополия агенттиги бар. Бул мекеменин кызматкерлери мындай кызыл кулактыкка таптакыр жол беришпейт! Кокус тоютка баанын ыксыз көтөргөндөр мыйзам чегинде катаал жазаланып, а түгүл акчалай айыпка дагы жыгылышат.

  • Каныбек мырза, мурда Тажикстандын карамагындагы Сары-

Могол Айыл Өкмөтү Алай  районуна биротоло өткөрүлгөн. Жакында эле Сиздердин районго Оооган кыргыздары дагы көчүрүлүп, жайгаштырылды. Булардын бүгүнкү тагдыры кантти экен?

  • Ооганстандын адам чыдагыс Памиринде эптеп жансакташып,  

жоголуу коркунучунуна кабылган 17 үй-бүлө, 84 киши Алай районунун Талды-Суу айлына көчүрүлүп, биротоло отурукташтырылды. Президентибиз Садыр Жапаров Мекенине кайтарылган ар бир үй-бүлөгө бирден жылкы, ондон тубар кой энчиледи. Мындан тышкары боордошторубузга он жети мал сарай дагы куруп тапшырдык. Аман турсак, буларга дагы деле үзгүлтүксүз каралашабыз. Баары тең биздин көңүлүбүздүн такай борборунда гана болушат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17