Аймак

ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ИШТЕР БАР

ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ИШТЕР БАР

 9,633 Бардыгы /

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин айтуусунда Күң-элек  айылындагы   №35-С.Карыев   атындагы  орто  мектеп окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү жана материалдык-техникалык  базаны чыңдоо    багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан, алдыңкы мектептердин бири. 2021-жылы Ош облусундагы мектептер арасында уюштурулган кароо-сынакта I орунга татыктуу болгон.     

                 Биз жакында ушул мектепти жетектеп келе жаткан Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнүн мыктысы Эртабылды Бердалиевич Пазыловго жолугуп, аны менен маектешип кайтканбыз.

         – Биздин эки кабаттуу типтүү мектептин имараты 2019-жылы пайдаланууга берилген. Анын 14 класстык, 2 административдик, 2 лабораториялык бөлмөсү, спорт залы жана  ашканасы бар. Мектептин айланасы металл тосмо менен  тосулуп, жолго брусчатка төшөлгөн.  Жашылдандырууга да өзгөчө көңүл бурулду. Мурдагы жана өткөн жылы мектептин айлана тегерегине Тянь-Шань карагайынын, ак кайындын, быйыл  кара өрүктүн көчөттөрү олтургузулду. Аны сугаттан өксүк кылбай,  өз убагында карап жатабыз.

           Учурдан пайдаланып, мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилген учурда  анын материалдык-техникалык  базасын чыңдоо. керектөөлөрүн толугу менен камсыздоо максатында  жакындан жардам берген Ленин атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, айылдын мекенчил  уул-кыздарына, мектептин  атын алып жүргөн Сатар Карыевдердин жана жана ысмы спорт залга ыйгарылган Абдыкерим Суранчиевдердин үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле   “Агахан” фондусуна ыраазылык айтып өтүү биздин парзыбыз. Анткени, жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнгөн 750 миң сомдук каражат менен мектептин ички жасалгасы ойдогудай бүткөрүлдү. Демөөрчүлөр топтоп берген   950 000 сом каражатка класстык бөлмөлөр, спорт зал үчүн  зарыл болгон эмеректер, килем, паластар алынып,  24 видеокамералар орнотулду.

  Азыр  284 окуучу окуйт, аларга 23 жогорку,  5 атайын орто билимдүү педагог билим берет.  10 мугалим Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнүн мыктысы.Мектеп бардык предметтик адистер менен толукталган.  Интернет байланышы менен камсыз болгон. Мугалимдер окуу борбору тарабынан компьютердик сабаттуулугун арттыруу багытында уюштурулган курстардан өтүп, атайын сертификаттарга ээ болуп келишкен.  17 компьютер комплекти, 2 интерактивдүү доска, 8 телевизор, 2 проектор,1 музыкалык аппаратура бар.  Окуу китептери менен жабдуу 91%ды түзөт.

               Педагогикалык жамааттын биргелешкен аракети, ынтымактуулугу, жана  талыкпаган изденүү  ийгиликке жеткирет эмеспи. Мактангандай болбойлу, башкаларга салыштырмалуу биздин  окуучуларыбыздын сабакка болгон кызыгуусу жогору болгондуктан, алардын билим сапаты жогору. Алсак, 2018-2019-окуу жылында ал 52% болсо,  түзсө, 2019-2020- жана өткөн окуу жылдарында  54%ды түзгөн.

               Жалпы республикалык тестирлѳѳгө катышкан окуучулардын көрсөткүчтөрү жылдан жылга жогорулап жатат.   Алсак, 2019-жылы  бүтүрүүчүлөрдүн  орточо баллы 126ны түзгөн болсо, жогорку балл 176  болгон.  Кийинки жылы орточо балл 127ни түзүп, жогорку балл 189 болгон.  2021-жылы   орточо балл 142 балга жетип, райондо эң алдыңкы орунга жеттик. Биздин бүтүрүүчүбүз Нургазы кызы Каныкей –  206 баллды  (окуткан мугалими Б.Абдуллаева) багындырды. 

                Нургазы кызы Каныкей – математика предмети боюнча олимпиадада  райондо 1-орунга чыгып, облустук турга катышып келген.  Биология мугалими Б.Абакирова даярдаган А.Атагулова аттуу окуучубуз  райондук  этабында  4-орунга  жеткен.

               2020-жылы  жаштарды өз элинин маданиятын өнүктүрүүгө тартуу максатында  аймактар аралык  уюштурулган   “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” сынагына катышкан окуучуларыбыз Э.Кылычбеков менен Э.Маликова райондо жана облуста 1,2-орундарды ээлеп кайтышкан.   Ушул иш-чаралардын алкагындагы мектеп окуучуларынын арасында уюштурулган “Алтын үн” аймактар аралык кароо сынакта “Мурас” фольклордук тобу райондо, облуста I, II орундарды ээлеп кайтышкан.

               Жаштардын техникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында уюштурулган “Илим+ойлоп табуу=техника!”  аттуу окуучулардын илимий-техникалык олимпиадасынын райондук турунда Э.Жанышов, К.Токтогулов сыяктуу окуучуларыбыз райондо 1,2-орундарды ээлешип, облустук турга катышып келишти. 

              2020-жылы  жаштарды өз элинин маданиятын өнүктүрүүгө тартуу максатында  аймактар аралык  уюштурулган сынактын райондук турунда биздин мектептин “Мурас” фольклордук тобу 1 –орунду ээлеп кайтышкан.

                 10-класстын окуучусу Канат кызы Мээрим Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган дил баян жазуу сынагында  райондо 1-орунду ээлеп, Ч.Айтматовдун 10 томдон турган чыгармалары менен сыйланды.

             Өткөн окуу жылында биздин Канат кызы Мээрим, Д.Исаева, Н.Кадырбаева сыяктуу окуучуларыбыз  мугалими С.Мамыровдун аракети менен райондо өткөрүлгөн “Манас Таануу” интеллектуалдык  таймашында 3–орунду жеңип алышкан. Учурдан пайдаланып өз сабагын заман  талабына  ылайык жугумдуу өтүүгө далалат кылган С.Мамыров, Б.Абдуллаева, С.Топчубаев, Б.Абакирова, Б.Айдаркулов, А.Маткалыкова, М.Муратбеков,  И.Сагынбек уулу, А.Муратали уулу, Н.Савлатбек кызы, К.Маматкаримов, С.Атырова, А.Салаева, Т.Камчыева, М.Абдраева, И.Абдырахманова, Н.Акулова, Б./ркүнбаева,  М.Сапарбаева, А.Муратбеков, Г.Койчубаева,Т.Алиева сыяктуу мугалимдердин ысмын атап өтүүнү туура таптым. Анткени, алар   жогоруда айтылган ийгиликтин жаратуучулары, мектеп үчүн ишкен ашын койгон, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн  адистер. Мектепте  көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан  мугалимдерибиз жаштарга өз тажрыйбаларын үйрөтүп, пайдалуу кеп кеңештерин ортого салып, педагогикалык жамааттын арасында ынтымактуулукту сактоого, биримдикти чыңдоого  өз салымдарын кошуп келе жатышкандыгын белгилеп өтүү зарыл.

       Бул жерде белгилеп өтүүчү жагдай, бизде окуучулардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүү максатында аларды кызыктыра турган ар түрдүү конкурстар, диспуттар өткөрүлүп, спорттук мелдештер уюштурулуп турат.  Мектептин мугалимдери жана  окуучулары Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Сергек жашоого үгүттөө, дене тарбия, спортту өнүктүрүү жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында уюштурулган  спорттук иш-чараларга  активдүү катышышып, райондук,  облустук жана республикалык  деңгээлде уюштурулган мелдештерде алдыңкы орундарга жетишүүдө.  Алсак, жеңил атлетика боюнча 800 метр аралыкты чуркап өтүүдө кыздар арасында- Б.Мойдунова, балдар арасында Б.Маткасымов 1-орунду,  400 метр аралыкты чуркап өтүүдө кыздар арасында-А.Өмүрзакова 1-орунду,  Айгерим Сапарбек кызы 2-орунду ээлешкен.  Улуттук күрөш боюнча  Кеңешбек уулу Мухаммед райондо II, Р.Меңдибаев III орунду жеңип алган.

Волейбол боюнча түзүлгөн  команда райондо I,  областтык мелдеште волейбол боюнча 2-орунду камсыз кылышты.

Улуттук күрөш боюнча түзүлгөн биздин команда  кийинки жылдарда райондо, облуста алдыңкы орундарга чыгып, Э.Маткасымов, Догдурбек уулу Эрмек, Б.Маткасымов жана Р.Меңдибаевдар республикалык мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп кайтышкан.  

              Өткөн окуу жыл ичинде биздин мектептин базасында “Көчмөндөр цивилизациясы – Улуу жибек жолунда”, “Санарип Кыргызстан-ачык окуу ресурстары”,  “Алай, Чоң-Алай райондорундагы мектеп жетекчилеринин  арасында өз ара тажрыйба алмашуу” темасындагы семинарлар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Билим берүү системасында иштеген адистер жакшы түшүнөт, мындай иш-чараларды өткөрүү оңой-олтоң иш эмес, ага камылга, даярдык зарыл. Бирок, биздин мектептин жетекчилиги, жамааты бул милдетти абийирдүүлүк менен ишке ашырышты.

             Албетте, мектеп жамааты жогорку   ийгиликтер менен эле чектелип калбайт. Аны  мындан ары да бекемдөө үстүндө чыгармачылык менен  иштей бермекчи.

    Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Алай району           

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17