Аймак

АШХАБАДДАГЫ ӨЛҮККАНА КҮНҮНӨ ЖҮЗДӨГӨН АДАМДЫН СӨӨГҮН КАБЫЛ АЛУУДА

АШХАБАДДАГЫ ӨЛҮККАНА КҮНҮНӨ ЖҮЗДӨГӨН АДАМДЫН СӨӨГҮН КАБЫЛ АЛУУДА

 1,584 Бардыгы /

Ашхабаддагы өлүкканага күн сайын коронавирустан өлгөн жүздөгөн кишинин сөөгү жеткирилүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы шаардын саламаттык сактоо мекемелериндеги өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда шаардын Чоганлы районундагы өлүккана 200дөн 300гө чейин адамдын сөөгүн кабыл алган.

Жергиликтүү тургундар мүрзөлөрдө жай казууга адамдар жетишпей, экскаваторлор иштеп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, коронавирустан үйүндө каза болгон жарандар өлүкканаларга жеткирилбестен эле дароо жерге берилүүдө. Алардын сөөктөрү желим баштыктарга оролуп, тажияларына эч ким катыштырылган жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары менен өз булактары билдиргендей, коронавирусту аныктоо тесттери өлкөдө COVID-19дун “Дельта” штаммы бар экенин көрсөтүүдө.

Адамдардын өлүмү аймактарда да көбөйүп, коронавирустан бир үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү каза болгон учурлар да катталууда. Ооруканадагы тесттин жыйынтыктары алардын баарында COVID-19 бар экенин ырастаган.

Ал ортодо түркмөн бийлиги коронавирустун жайылуусун токтотуу боюнча чараларды күчөтүп жатат. Акыркы күндөрү бул максатта вакцина албаган жарандарга карата кысым көбөйгөнү байкалууда.

Маалыматтарга караганда, Мары облусунда мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр жумуштан кетириле турганы эскертилген.

13-сентябрда “Азаттыктын” түркмөн кызматы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер вакцина алганга чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарыла баштаганын кабарлаган.

Түркмөнстанда калкты COVID-19га каршы жапырт эмдөө иштери быйыл февралда башталып, июлда ал бардык жарандар үчүн милдеттүү болуп калган. Акыркы кездери өлкөдө вакцина тартыш болуп жатканы айтылууда.

Бүгүнкү күндө Түркмөнстанда соода, кызмат көрсөтүү жана көңүл ачуу жайлары толук жабылып, той-аштарга тыюу салынган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17