Аймак

БИР МАНДАТТУУ ОКРУГ БОЮНЧА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КӨРСӨТҮҮ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

БИР МАНДАТТУУ ОКРУГ БОЮНЧА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КӨРСӨТҮҮ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

 807 Бардыгы /

Бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди көрсөтүү этабы башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

18-октябрды кошуп алганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин төмөнкү документтерди берет:

  • саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды;
  • талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
  • шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти. Талапкер жеке каражатынан мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине шайлоо күрөөсүн төгөт (100 миң сом).

Мажоритардык тутум боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
https://www.super.kg/kabar/news/377057/?fbclid=IwAR0fxHKydmxBAihNjr6zimn3hjYNBDBCC2yY-9nGCaoLqmK_7hys9DM3EWI

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17