Аймак

КР КАУБ: КАМАККА АЛЫНГАН АЛМАЗ САРЫБАЕВ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

КР КАУБ: КАМАККА АЛЫНГАН АЛМАЗ САРЫБАЕВ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,299 Бардыгы /

Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун (КР КАУБ) адистери 20 -сентябрда Бишкек ШИИБубактылуу кармоочу жайында болуп, мониторинг жүргүзүштү.

Бишкек ШИИБубактылуу кармоочу жайында кармалып жаткандардын арасында“Толубай” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, 2020-жылдагы шайлоодо “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Алмаз Сарыбаев да отурат.

КР КАУБнын өкүлдөрү менен болгон баарлашуу учурунда А.Сарыбаев кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна нааразы болуп, 15-сентябрдан бери ачкачылык жарыялагандыгын билдирди. Бул тууралуу кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине 17-сентябрда маалымдаган.

«А.Сарыбаевдин жалпы абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн убактылуу кармоочу жайга эки ирет тез жардам чакырылган», – деп белгилешти улуттук борбордон.

“Толубай” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мурдагымүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип кармалган. 16-сентябрда шаардын Биринчи Май райондук соту шектүүнү эки айга камакка алган. 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин, ал Бишкек шаарындагы №1-тергөө изоляторуна которулушу күтүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17