Аймак

ОШТО МАЙЫП ЖАРАНДАР МЕЛДЕШИШТИ

ОШТО МАЙЫП ЖАРАНДАР МЕЛДЕШИШТИ

 1,770 Бардыгы /

          ОШ. Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетине караштуу Спорт мектебинде Кыргызстандын Түштүк аймагы боюнча майыптыгы бар жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.

Бул спорттук иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышты. Ал эми турнирге Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 150дөн ашык жаран активдүү тартылды. Булар футбол, шахмат, таш көтөрүү, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча өз ара мелдешишти. Соңунда турнирдин жеңүүчүлөрү дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошентип, командалык мелдеште аркан тартыш боюнча 1-орунду Ош шаарынын командасы, 2-орунду Баткен облусунун командасы, ал эми 3-орунду  Кара-Суу шаарынын командасы ээлешти. Мындан тышкары футбол боюнча 1-орунга Ош шаарынын командасы, 2-орун – Аксынын, 3-орунга Өзгөндүн командасы татышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17