Аймак

МАЙЛУУ-СУУДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

МАЙЛУУ-СУУДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,104 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өткөн аптада үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында семинарлар өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Майлуу-Суу шаардык мэрия, социалдык өнүгүү бөлүмү жана дин кызматкерлери менен биргеликте билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер жана жогорку класстардын окуучулары менен жолугушууларда зордук-зомбулуктардын келип чыгуу себептери талкууланып, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга, мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышты. Ошондой эле терс көрүнүштөргө күбө болгон учурда милицияга кабар берүү керектигин, топтошуп мушташуулардан алыс болуу зарылдыгын эскертишти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17