Аймак

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 1,038 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облустук милициясы кылмыштуу топту түзүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,  ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан уюшкан топту түзүү же ага катышууга шектелген 1983-ж.т. Д.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ар кандай кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу ар түрдүү кылмыштарды жасап соттолуп чыккан.

Д.У. Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 248-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча издөөдө жүргөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17