Аймак

КАЗАКСТАНДА СОТ ПРОЦЕССТЕРИН ЖМКЛАР МЕНЕН СОЦТАРМАКТАРДА ЧАГЫЛДЫРУУГА ТЫЮУ САЛУУ СУНУШТАЛУУДА

КАЗАКСТАНДА СОТ ПРОЦЕССТЕРИН ЖМКЛАР МЕНЕН СОЦТАРМАКТАРДА ЧАГЫЛДЫРУУГА ТЫЮУ САЛУУ СУНУШТАЛУУДА

 891 Бардыгы /

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасында (Мажилис) “Сот системасы жана судьялардын макамы тууралуу” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралууда.

Informburo.kz сайтынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөрдүн биринде сот жараяндарын ЖМКлар менен соцтармактарда чагылдырууга тыюу салуу сунушталган. Ал нормада “Сот өндүрүшүндөгү жана мыйзамдуу күчүнө кире элек иштер тууралуу маалыматтарды эч кимдин социалдык түйүндөргө жана (же) ЖМКларда чыгарууга укугу жок” деп жазылган.

Адвокат Гулнара Сулейменованын айтымында, жумушчу топтун 20-октябрдагы жыйынында аталган норма талкууланып, бир нече катышуучу аны сынга алган.

Informburo’нун маалыматына караганда, бул талкуудан кийин норма чакыртып алынган. Бирок анын демилгечиси, депутат Нурлыбек Ожаев сунушту башкача аталыш менен жумушчу топтун кийинки жыйынына кайра киргизе турганын билдирген. Анын айтымында, мындай норма сотко карата коомдук терс пикирдин жаралышына жана судъяларга басым кылууга жол бербейт.

Айрым жергиликтүү талдоочулар мындай тыюу тергөөчүлөр менен прокурорлордун мыйзам бузууларын жашырып коюуга шарт түзүшү мүмкүн деген тынчсызданууларын билдирип жатышат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17