Аймак

ИРАН ӨЗӨКТҮК КЕЛИШИМ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР 29-НОЯБРДА БАШТАЛАРЫН БИЛДИРДИ

ИРАН ӨЗӨКТҮК КЕЛИШИМ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР 29-НОЯБРДА БАШТАЛАРЫН БИЛДИРДИ

 912 Бардыгы /

Иран 29-ноябрдан баштап Венада дүйнө державаларынын өкүлдөрү менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга ниеттенүүдө.

Беш айлык тыныгуудан кийин сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштоо – Европа Биримдигинин координатору Энрике Моро менен макулдашылды. Бул тууралуу “Твиттерге” Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Бакери-Кани жазды.

ЕБнын Тышкы байланыштар кызматынын билдирүүсүндө Моронун төрагалыгы алдындагы Иран сүйлөшүүлөрүнө Улуу Британия, Кытай, Франция, Германия жана Орусия катышары белгиленген.

“Биз мыйзамсыз жана адамкерчиликсиз санкцияларды жоюуну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү 29-ноябрда Венада баштоого макулдаштык”, – деп жазды Бакери-Кани.

2018-жылы Вашингтон Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып, Тегеранга санкцияларды киргизген. Бул чечимди Дональд Трамптын администрациясы кабыл алган.

Мындан соң Тегеран уранды байытуу боюнча эл аралык келишимдин тартиптерин бузуп, жаңы технологияларга негизделген жабдууларды орното баштаган.

Трамптын ордуна келген Жо Байден Вашингтон Иран менен түзүлгөн келишимге катышууну калыбына келтирүүгө убада берди. Бирок бул үчүн Тегеран келишимдин талаптарын толук аткарууга тийиш.

Батыш өлкөлөрү Иран ядролук курал жасап жатат деп шектенүүдө. Тегеран муну четке кагып келет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17