Аймак

ӨЗБЕКСТАНГА КИРГИЗИЛБЕГЕН ПОЛЬШАЛЫК ЖУРНАЛИСТТИ ТҮРКИЯГА УЧУП КЕТҮҮГӨ МАЖБУРЛАШТЫ

ӨЗБЕКСТАНГА КИРГИЗИЛБЕГЕН ПОЛЬШАЛЫК ЖУРНАЛИСТТИ ТҮРКИЯГА УЧУП КЕТҮҮГӨ МАЖБУРЛАШТЫ

 1,014 Бардыгы /

Өзбекстанга кире албай 7-8-9 ноябрда өзбек-казак чек арасында туруп калган польшалык журналист Агнешка Пикулицка Түркияга учуп кетти.

“Оздолик” радиосунун кабарчысы менен телефондо сүйлөшкөн журналист 9-ноябрда аны “Жибек Жолу – Гишт-Куприк” көзөмөл-өткөрмө бекетинен Ташкент аэропортуна алып барышып, күч менен Түркияга жөнөтүшкөнүн айтты.

Өзбекстан бийлиги польшалык журналистти өлкөгө эмне себептен киргизбей койгонун айта элек.

The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat жана Eurasianet басылмаларында иштеген Пикулицка быйыл февраль айында Өзбекстандын ТИМ кызматкери ага ыдык көрсөткөнүн, андан соң аккредитация алуу аракети маалында басым болгонун билдирген.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) быйыл июнда Пикулицканын аккредитациясын узартпай турганын билдирген. Мекеме мындай чечимин польшалык журналист өлкө “мыйзамдарын бузганы” менен түшүндүргөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17