Аймак

ЖҮЗҮМ ТАШЫП БАРГАН 50ГӨ ЖАКЫН ТАЖИК ЖҮК УНААСЫ ОРУСИЯГА КИРЕ АЛБАЙ ТУРАТ

ЖҮЗҮМ ТАШЫП БАРГАН 50ГӨ ЖАКЫН ТАЖИК ЖҮК УНААСЫ ОРУСИЯГА КИРЕ АЛБАЙ ТУРАТ

 849 Бардыгы /

Тажикстандан Орусияга жүзүм ташып барган 50гө жакын жүк унаасы он күндөн бери “Сагарчин” (Оренбург) жана “Троицкий” (Челябинск) бажы бекеттеринен өтө албай турат.

Орусияга 20 тонна жүзүм менен барган Абубакр Ашуралиев аттуу айдоочунун айтымында, орус чек арачылары 15 унаанын жүгүн түшүрүп текшеришкен, бирок алар да өткөрүлгөн эмес.

“Сыртта суук, кар жаап жатат. Суткалап унаанын ичинде отуруп, күтүүгө аргасыз болуудабыз”, — деди ал.

Орусиянын Бажы кызматынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, мекеме 16-17-ноябрь күндөрү тыюу салынган, аткезчилик менен алып келинген жана маркировка кылынбаган товарлардын өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербөө максатында орус-казак чек арасына жакын жерде атайын операция жүргүзгөн. Бирок сайттагы билдирүүдө тажик жүк ташуу унаалары тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Айдоочулардын айтымында, Бажы кызматкерлери ноябрдын башында Өзбекстандын аймагында Тажикстандан Орусияга жүзүм ташып келаткан унаалардын биринен 200 килограммга жакын баңгизат табылганын, тажик унаалары ушуга байланыштуу өткөрүлбөй жатканын билдиришкен.

Ал ортодо Тажикстандын Уфа шаарындагы башкы консулу Саид Эмом бул кырдаал боюнча маалыматы бар экенин, учурда маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышканын айтты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17