Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА БИЙЛИКТИ СЫНДАГАН ФЕРУЗА БАБАШЕВА ДЕПУТАТТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА БИЙЛИКТИ СЫНДАГАН ФЕРУЗА БАБАШЕВА ДЕПУТАТТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

 876 Бардыгы /

Өзбекстанда Уртачирчик райондук кеңешинин депутаты, Өзбекстан Элдик-демократиялык партиясынын райондук төрайымы Феруза Бабашева кол тийбестик макамдан ажыратылды.

Милицияга арызды “Агробанк” банкынын жетекчиси Мухитдин Киёмов жазган. Буга Бабашеванын мугалим кардарлар картадагы акчаларын чыгаруу учурунда бир пайыз комиссия төлөп жатышканын айтып, банкты “ууру” деп атаганы себеп болгон.

Бабашева сессия учурунда аны кол тийбестиктен ажыратып, бирок депутаттык ыйгарым укуктарын калтырышканын билдирди.

“Эми Мухитдин Киёмов сотто кемсингенин далилдесе, мен айып пул төлөйм”, – деп айтты ал.

Мухитдин Киёмов прокуратурага 9-ноябрда, соцтрамактарда депутат Феруза Бабашеванын интимдик видеосу тарагандан бир нече күн өткөндөн кийин кайрылган.

Ташкент облустук ички иштер башкармалыгы видео ижарага алынган батирде тартылганын билдирген. Маалыматка караганда, жергиликтүү жашоочунун арызынын негизинде батир текшерилип, депутат менен анын көңүлдөшү “жыныстык катнаш учурунда” кармалган.

Феруза Бабашева ал күнү күч кызматкерлери түшүнүк кат жаздыруу үчүн аны үч саат кармашып, манжасын сындарганын айтууда.

Белгилүү блогерлер, депутаттар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Бабашеваны колдоп, укук коргоо органдарынын жеке жашоого кийлигишүүсүн сынга алышууда.

Феруза Бабашева өзүнүн Телеграм-каналында жана “Фейсбуктагы” баракчасында жарандардын кайрылууларын жарыялап, көйгөй жаралган жерлерге барып, аткаминерлерди сынга алып келген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17