Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
841 Бардыгы / 24-ноябрда жарандык активисттер Макс Бокаев менен Алнур Ильяшев Европа биримдигинин (ЕБ) юрисдикциясы астында кооператив түзүү идеясын талкуулоо үчүн онлайн басма сөз жыйынын өткөрүштү. Идеянын автору Макс Бокаев көпчүлүк учурларда Казакстандын эркин ой жүгүрткөн жарандары өз укуктарын коргоо үчүн бириге албай калып жаткандыктан улам ушундай чечимге келгенин билдирди. “Мен Германиядагы кооперативдер бирикмелеринин бири менен […]
842 Бардыгы / 24-ноябрда жарандык активисттер Макс Бокаев менен Алнур Ильяшев Европа биримдигинин (ЕБ) юрисдикциясы астында кооператив түзүү идеясын талкуулоо үчүн онлайн басма сөз жыйынын өткөрүштү. Идеянын автору Макс Бокаев көпчүлүк учурларда Казакстандын эркин ой жүгүрткөн жарандары өз укуктарын коргоо үчүн бириге албай калып жаткандыктан улам ушундай чечимге келгенин билдирди. “Мен Германиядагы кооперативдер бирикмелеринин бири менен […]
КАЗАК АКТИВИСТТЕРИ ӨЛКӨ БИЙЛИГИНЕ ТААСИР ЭТҮҮ ҮЧҮН ЕБ АЙМАГЫНДА КООПЕРАТИВ ТҮЗҮҮГӨ НИЕТТЕНҮҮДӨ
25.11.2021 / Автор anarkan_kg843 Бардыгы /
24-ноябрда жарандык активисттер Макс Бокаев менен Алнур Ильяшев Европа биримдигинин (ЕБ) юрисдикциясы астында кооператив түзүү идеясын талкуулоо үчүн онлайн басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Идеянын автору Макс Бокаев көпчүлүк учурларда Казакстандын эркин ой жүгүрткөн жарандары өз укуктарын коргоо үчүн бириге албай калып жаткандыктан улам ушундай чечимге келгенин билдирди.
“Мен Германиядагы кооперативдер бирикмелеринин бири менен кат алышып, ал жерде каалаган чет элдик жаран кооператив ачууга укугу бар экенин билдим. Европада катталган кооператив аркылуу казакстандыктардын кызыкчылыгын жана укуктарын коргоо үчүн Евробиримдикте лобби жүргүзүүгө болот. Алсак, ЕБ унааларды кайра иштетүү үчүн каралган төлөмдөр боюнча казак өкмөтүнө таасир этиши мүмкүн. Анткени, Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө”, — деди Бокаев.
Анын айтымында, Германияда кооператив түзүү үчүн үч адамдын болушу гана жетиштүү.
“Бул идеяны ишке ашыруу үчүн демилгелүү топ керек. Алардын ичинен үчөөнү тандап, Европага жөнөтөбүз. Алгач ал жактагы документтер менен таанышуу керек. Бирок бир талап бар: бул адамдар жарандык активдүүлүгү менен айырмаланып, чет тилин билиши керек. Аларга кошумча котормочу жалдоо үчүн да акча талап кылынат эмеспи. Кооперативдин мүчөлөрү мүчөлүк акы төлөшөт. Ал ачык болуп, аны эч ким уурдабайт, Германиянын банктарына топтолот, – деди ал.
Бокаевдин айтымында, Казакстанда жаңы коомдук уюмду каттоодон өткөрүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар жана мындай аракеттер көбүнчө ийгиликсиз аяктайт. Мисал катары ал саясатчы Владимир Козлов, активист Жанболат Мамай партияларын каттоодон өткөрө албай жүрүшкөнүн айтты.
Макс Бокаев менен Алнур Ильяшевге соттун чечими менен Казакстанда коомдук уюмдарга кирүүгө жана митингдерге катышууга тыюу салынган. Мындан улам Бокаев бул чектөөлөрдү чет өлкөдө түзүлгөн уюмга кирүү аркылуу кыйгап өтүүгө болот деп эсептейт.
Макс Бокаев 2016-жылдагы “жер митингдерине” активдүү катышып, жер аянттарын чет элдиктерге ижарага берүүгө жана сатууга уруксат берген эрежелерге каршы акцияларды уюштурган. Кийинчерээк ал Талгат Аян аттуу дагы бир активист менен бирге “Социалдык араздашууну козутуу”, “Жалган маалымат таратуу” жана “Митингдер тууралуу мыйзамдарды бузуу” беренелери боюнча айыпталып, беш жылга соттолгон. Эки активист тең бул кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгонун билдиришкен.
Талгат Аян абактан 2018-жылы чыкса, Бокаев быйыл февралда бошотулган.
Алнур Ильяшев Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу “Нур Отан” партиясын жана өкмөттүн коронавирус пандемиясына каршы аракетин сындагандан кийин былтыр июнь айында “өзгөчө кырдаал учурунда жалган маалымат тараткан” деген айып менен эркиндиги үч жылга чектелген. Мындан тышкары анын беш жыл бою коомдук жана саясий иштерге аралашуусуна тыюу салынган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.