Аймак

КАЗАКСТАН КЫТАЙДАН ЖҮК ӨТКӨРҮҮНҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮНҮ СУРАДЫ

КАЗАКСТАН КЫТАЙДАН ЖҮК ӨТКӨРҮҮНҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮНҮ СУРАДЫ

 849 Бардыгы /

Казакстан премьер-министри Аскар Мамин 25-ноябрдагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкмөттөрүнүн башчыларынын жыйынында кытай аткаминерлеринен Казакстандан Кытайга жүк ташууну калыбына келтирүүнү сурады. 

Кытай былтыртан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу темир жол аркылуу ташылган буудай, түстүү металл сыяктуу чийки заттарды кабыл албай келет. Казакстандык жеткирүүчүлөр мунун айынан миллиондогон чыгым көрүп жатканын айтышууда.

Кытай мындан тышкары автоунаа аркылуу жүк ташууга да чектөө койгон. Ноябрдын башында Казакстандын Каржы министрлигинин киреше комитети Кытай менен чек арадагы “Нурлуу жол” бажы бекетинде 10 миңден ашуун жүк ташуучу унаа кезек күтүп жатканын маалымдаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17