Аймак

ОШТО КИКБОКСИНГ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ОШТО КИКБОКСИНГ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 5,454 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн кубогуна арналган спорттун кикбоксинг түрү боюнча эл аралык мелдеш аяктады.

          Ошентип, аталган мелдешке Казакстандын, Өзбекстандын курама командалары жана Кыргызстандан 350гө жакын спортчусу катышышты. Иш-чарада адегенде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөп, спорт тармагын колдоого алуу зарылдыгын ачыктады.

  • Спорттун бардык түрүн, мунун ичинде кикбоксингди өнүктүрүүгө

заманбап шарттарды жаратуубуз абзел! Анткени, 2024-жылы өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кикбоксинг дагы кирүүсү күтүлүүдө. Ошондуктан, азыртан баштап биз кикбоксчуларга колдоо көрсөтсөк, олимпиада оюндарында ийгилик жаратат деп бекем ойлоймун! – деди Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов

          Баса, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн кубогуна арналган спорттук мелдешке 7 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар катышышты. Турнирдин алкагында төрт профицианалдуу беттеш дагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17