Аймак

МИЛИЦИЯ КАРА-СУУДА БИЗНЕСМЕНГЕ КУРАЛЧАН КОЛ САЛГАНДАРДЫ КАРМАДЫ

МИЛИЦИЯ КАРА-СУУДА БИЗНЕСМЕНГЕ КУРАЛЧАН КОЛ САЛГАНДАРДЫ КАРМАДЫ

 993 Бардыгы /

ОШ. Кара-Суу районунда жергиликтүү бизнесменге кол салышты. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

          Айтмакчы, ушул жылдын 13-декабрында 1982-жылы туулган К. Ж. аттуу жаран милицияга атайын арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өзүнө таандык «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаасында олтурганда, ага тааныш эмес азиат улутундагы эки жигит басып келишип, курал менен коркутушуп, машинасын ээлешип, андан ары изин суутушкан. Бирок, кол салуу маалында «ДЭУ Лачетти» үлгүсүндөгү башка эле автоунаа толук бойдон күйүп кеткен.

          Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кылмышкерлер изин суутпастан кармалышкандыгын ырастады. 32 жаштагы Ш.М. мурун киши өлтүрүү жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча соттолгон. Ал эми анын 48 жаштагы шериги А.У. экстремизм үчүн камалса, ал эми 46 жаштагы дагы бир шериги Р.Д. уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопчкерчилигине тартылган экен.

          Айтмакчы, кылмыш жасалган жер тинтилгенде, ал жерден курал-жарактар, ок-дарылар, өрттөлгөн автоунаа, ошондой эле алты даана беткап дагы табылды. Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, атайын экспертизалар дайындалды. Ал эми кол салынган бизнесмен акча алмаштыруу менен алектенгендиги тастыкталды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17