Аймак

ТАЖИКСТАНДЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУСУ ӨЗБЕК КЛУБУНА ӨТТҮ

ТАЖИКСТАНДЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУСУ ӨЗБЕК КЛУБУНА ӨТТҮ

 921 Бардыгы /

Тажикстандын 2019 жана 2021-жылдагы эң мыкты футболчусу, “Истиклол” футболдук клубунун жана улуттук курама команданын капитаны Алишер Жалилов өзбек суперлигасындагы АГМК клубуна өттү.

Футболчу былтыр Өзбекстан чемпионатында үчүнчү орунду камсыздаган АГМК футболдук клубу менен эки жылга келишим түздү.

Алишер Жалилов 29 жашта. Душанбеде төрөлүп, 2004-жылы үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Ал “Локомотив” спорттук мектебинин тарбиялануучусу.

2010-2012-жылдары Орусиянын жаштар курамасынын катарында үч беттеш өткөргөн.

2019-жылы Алишер Жалилов “Истиклол” клубуна келген. Ал 2022-жылы өтө турган фтубол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тажикстан улуттук курамасы үчүн беш оюнга катышып, бир гол киргизген.

Ал: “Ар бир футболчу курама команда үчүн ойноону кыялданат. Мен бактылуумун, кыялым орундалды. Мен Тажикстан курамасынын мүчөсү болгонум үчүн сыймыктанам”, — деп айткан.

АГМК футбол командасынын башкы машыктыруучусу – белгилүү өзбекстандык футболчу Миржалол Косимов. Клубдун демөөрчүсү – Алмалык тоо-металлургиялык комбинаты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17