Аймак

КАЗАКСТАНДА ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНДА КАЙТЫШ БОЛГОНДОРДУН САНЫ 227ГЕ ЖЕТТИ

КАЗАКСТАНДА ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНДА КАЙТЫШ БОЛГОНДОРДУН САНЫ 227ГЕ ЖЕТТИ

 849 Бардыгы /

Казакстандагы ооруканаларда январь айындагы башаламандыктардан жабыркаган дагы эки киши көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди.

“Медициналык мекемелерде 177 бейтап кайтыш болду “, – деп кошумчалады министр.

Мурун Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги жапырт башаламандык учурунда медициналык мекемелерде жалпысынан 175 киши өлгөнүн кабарлаган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, 15-январга карата өлүкканаларга 225 сөөк түшкөн. Республикада өлгөндөрдүн жалпы саны 227 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги “өлкөдө террордук чабуул башталгандан тарта 2739 адам медициналык жардамга кайрылганын” билдирди.

Стационарда 200 киши дарыланууда, 14 бейтаптын абалы оор.

Буга чейин Казакстандагы эң ири Алматы шаарында нааразылык учурунда 149 киши жана укук коргоо органдарынын 11 өкүлү өлгөнү айтылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17