Аймак

КАЗАКСТАН ИИМи ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНДАГЫ КЫЙНООГО БАЙЛАНЫШТУУ ЖЕТИ ИШТИ ИЛИКТЕЙТ

КАЗАКСТАН ИИМи ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНДАГЫ КЫЙНООГО БАЙЛАНЫШТУУ ЖЕТИ ИШТИ ИЛИКТЕЙТ

 1,053 Бардыгы /

Казакстанда январь окуялары маалындагы кыйноо фактылары боюнча сотко чейинки жети иш катталды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурдилда Ораз билдирди.

Анын айтымында, кыйноого байланыштуу дагы 20дай иш боюнча кызматтык иликтөө башталды. Ушул тапта Казакстанда январь айынын башындагы нааразылык жана башаламандыктан кийин кармалган 711 адам камакта отурат.

Эки күн мурда өлкөнүн Башкы прокуратурасы январь окуясына байланыштуу 819 кылмыш иши тергелип жатканын, “терроризм” жана “массалык башаламандык” айыптары менен 464 адам камакка алынганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстандын тарыхындагы эң ири нааразылык жана тополоңдо кеминде 227 киши мерт болду. Анын 19 күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Бийлик каза тапкандардын канчасы жайкын тургундар, канчасы “террорчу” деп мүнөздөлгөн адамдар экенин так айта элек.

Укук коргоочулар тополоңдо каза тапкандар менен камалгандардын тагдыры тууралуу толук маалымат жоктугуна тынчсызданып, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга жана адам укуктарын сактоого үндөп келишет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17