Аймак

ОШТО САНЭПИДКӨЗӨМӨЛДҮН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТЧЫЛЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН КАРМАЛДЫ

ОШТО САНЭПИДКӨЗӨМӨЛДҮН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТЧЫЛЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН КАРМАЛДЫ

 2,865 Бардыгы /

ОШ. Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору О.С.М. Кылмыш-Жаза Кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шектелип кармалды.

         Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөшүп, өздөрүнүн контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарышкан эмес.

         Ошондуктан, шектүү – Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору О.С.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме бул ишке тиешеси бар адамдарды дагы аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17