Аймак

КАЗАКСТАНДА ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫ БОЮНЧА 152 КИШИГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

КАЗАКСТАНДА ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫ БОЮНЧА 152 КИШИГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

 912 Бардыгы /

Казакстанда кандуу январь окуялары боюнча козголгон иштер боюнча 152 адамга өкүм чыкты, алардын 17си жазасын түрмөдө өтөйт. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратура өкүлү Елдос Килымжанов билдирди.

Жазасын түрмөдө өтөгөндөр “курал-жарак уурдоо, сактоо, чыгымды төлөбөй коюу жана жазасын толук өтөбөй коюу сыяктуу оор кылмыш жасагандар” экени айтылды.

Килымжановдун маалыматына караганда, 35 кишинин эркиндиги чектелди. Ушул тапта 262 кылмыш иши тергелип жатат. Алардын 44тү “терроризм”, 47си “жапырт башаламандык” айыбы менен козголгон. 209 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн, бул иштер боюнча 323 адам сот алдында жооп берет. Башкы прокуратуранын кабарлашынча, 733 адам камакта.

Килымжановдун айтымында, 5-январда полициянын эки департаментинин, Улуттук коопсуздук комитетинин үч департаментинин башчылары имараттарды таштап кеткен. Алар да шектүү деп таанылды. Килмыжанов Жамбыл облусунун полиция башчысынын орун басары кармалганын кошумчалады.

Кандуу январь окуяларынан кийин миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам ар түрүү айып менен камакка алынган. Камактагылардын көбү кыйноого кабылганын билдиришкен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17