Аймак

ФРАНЦИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО МАКРОН МЕНЕН ЛЕ ПЕН ЭКИНЧИ ТУРГА ӨТӨРҮ АЙТЫЛУУДА

ФРАНЦИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО МАКРОН МЕНЕН ЛЕ ПЕН ЭКИНЧИ ТУРГА ӨТӨРҮ АЙТЫЛУУДА

 1,158 Бардыгы /

10-апрелде Францияда президенттик шайлоо өттү

Божомолдор боюнча шайлоонун жеңүүчүсү экинчи айлампада гана аныкталып, анда азыркы мамлекет башчысы Эммануэл Макрон жана ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен өтөт.

Президенттикке 12 талапкер ат салышууда. Шайлоо алдындагы изилдөөлөргө караганда, ашынган солчул талапкер Жан-Люк Меленшон үчүнчү орунга ээ болуп, 24-апрелдеги экинчи айлампага чыгары күтүлүүдө.

Шайлоочулардын катышуусу солгун болушу мүмкүн. Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, француз жарандарынын 30% жакыны добуш берүүгө катышпай коюшу ыктымал. Сурамжылоолор он шайлоочунун үчөө кайсы талапкерге артыкчылык берерин акыркы мүнөттөргө чейин тандай албаганын көрсөттү.

Эгерде учурдагы президент менен Марин Ле Пен экинчи турда күрөшүн уланта турган болсо, анда алар 2017-жылдагы шайлоодон алда канча катуу атаандааш болору болжолдонууда. Анда Эммануэл Макрон экинчи турда 66% добуш алып лидер болгон, ал эми ашкере оңчулдардын талапкери Марин Ле Пен 34% алган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17