Аймак

ТҮРКИЯ ANKA ДРОНДОРУН КАЗАКСТАНДА ЧЫГАРА БАШТАЙТ

ТҮРКИЯ ANKA ДРОНДОРУН КАЗАКСТАНДА ЧЫГАРА БАШТАЙТ

 1,452 Бардыгы /

Түркиянын мамлекеттик аэрокосмостук Türk Havacılık ve Uzay Sanayii AŞ (TUSAŞ) компаниясы менен Kazakhstan Engineering компаниялары ANKA аскердик дрондорун биригип кураштыруу тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу шаршембиде түрк компаниясына шилтеме берүү менен КазТАГ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, аскердик дрондордон тышкары тараптар учкучсуз учуучу аппараттарды тейлөө жана оңдоо боюнча да кызматташат.

Казакстан ANKA үлгүсүндөгү дрондорду Түркиянын тышында өндүрө турган алгачкы мамлекет болуп калат.

Дрондорду биригип чыгаруу тууралуу келишимге Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Түркияга расмий сапары учурунда кол коюлду.

Маалыматка караганда, ANKA дрону 350 килограммга чейин жүк көтөрө алат. Ага танктарды жок кыла турган сегиз ракета же төрт авиабомба орнотууга болот. Түркия армиясы мындай аппараттарды 2020-жылы Сириядагы аскердик операция учурунда пайдаланган.

11-майда Казакстан менен Түркия аскерий кызматташуу тууралуу келишимге кол койгону белгилүү болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17