Аймак

ЧЕЧМЕДЕГИ АВТОУНУУ КЫРСЫГЫНАН КАЗА ТАПКАНДАР АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

ЧЕЧМЕДЕГИ АВТОУНУУ КЫРСЫГЫНАН КАЗА ТАПКАНДАР АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

 1,329 Бардыгы /

БАТКЕН. Кадамжай районуна караштуу Чечме айылындагы «Чечме» бекетинде катталган ири жол кырсыгынан каза тапкандардын сөөгү жерге берилди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, каза тапкандар менен коштошуу зыйнатына – тажиясына облустук жана райондук жетекчилер дагы катышышып, маркумдардын жакындарына президент Садыр Жапаровдун жана жалпы эле облус элинин атынан көңүл айтышты.

Белгилей кетчү жагдай: үстүбүздөгү жылдын 21-майында Чечме айылында ири автожол кырсыгы катталды. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде капысынан жол кырсыгына кабылды. Апааттан 8 киши жеринде каза таап, дагы 11 адам денесинен ар түрдүү даражада жараат алышып, жергиликтүү ооруканага кайрылышты. Булардын бирөө – Өзбекстан жараны.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17