Аймак

Бакытбек ЖЕНАЛИЕВ: “КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨР КУРУЛСА, СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР ЧЕКЕСИНЕН ЧЕЧИЛЕТ”

Бакытбек ЖЕНАЛИЕВ: “КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨР КУРУЛСА, СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР ЧЕКЕСИНЕН  ЧЕЧИЛЕТ”

 6,495 Бардыгы /

Маектешибиз Бакытбек ЖЕНАЛИЕВ Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары кызматын абийирдүү аркалап келаткан. 46 жаштагы үлкөн аткаминерди алыскы аймактан үч ай мурда өзү өмүрүндө тааныбаган Кара-Суу шаарынын мэрлигине дайындашты. Десант – жетекчи менен адаттагыдай эле жумуш ордунда ачык-айкын маектештик.

-Бакытбек мырза, Кара-Суу кичинекей эле калаа эмеспи. Сиз келгенден бери тегиз кыдырып деле бүткөндүрсүз?

-Кара-Суу шаары өтө эле чачыранды жайланышкан 16 кварталдык комитеттен куралган. Демек, ошончо Аймактык Кеңеш дагы иштеп жатат. Үч ай аралыгында булардын булуң-бурчуна дейре кыдырып, тургундар менен жеринде эле бетме-бет сүйлөшүп, көйгөйлөрүн абдан дыкаат тыңдадым. Эми мындан ары дал ошол проблемалардан кантип арылуунун үстүндө баш оорутуп жаткан кезим.

-Булардын үстүндө баш эле оорутпастан, аларды чекесинен чечип

деле жаткандырсыз?

-Улуу акын Жоомарт Бөкөнбаев атындагны сейил бак акыркы жылдарда таптакыр эле каралбай, накта таздын кейпин кийиптир. Муну чекесинен оңдоп-түзөп, андан ары жашылдандырып-көрктөндүргөнгө Кара-Суу районун өнүктүрүү фондунан чапкылып жүрүп 80 миллион сом бөлдүрттүм. Эми мынча каражатты өз максатына гана этап-этап менен пайдаланганга абдан кызуу кириштик.

Буга улай Аймактык жаратылышты коргоо фондун акыры ынандырып, дагы 5 миллион сом таптым. Мынча каражатка шаарыбыздагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жападан жалгыз сейил бактын олтургучтарын бүт жаңылайбыз. Анан дагы ичинин баарын текши заманбап жарыктандырабыз. Жапайы жана иретсиз бак-дарактарды бүтүндөй кыйып таштайбыз.

-Анан?

-Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн күнүндө дал ушул сейил  бакта Кыргыз күрөшүнүн түрлөрү боюнча спорттук мелдештерди уюштурабыз.  Бул иш-чарада атайын баалуу байгелер дагы сайылат

-Баса, Кыргызстандагы эң чоң райондун эмдигиче музейи жок?

-Абдан туура баамдапсыздар. Кара-Суу району – өлкөбүздөгү эң ири

аймак. Ошону үчүн анын борбору Кара-Суу шаарында өзүнчө тарыхый Музей ачууну туура таптык. Бул  имараттын курулушунун бүтүндөй чыгымын “Кара-Суу ынтымагы” коомду көтөрүүгө киришти.

-Шаарыңыздар эбак дотациядан чыккан го?

-Ооба. Мамлекеттик дотациядан биз эбак эле кутулганбыз.  Андыктан,  16 кварталдык комитет өзүн-өзү гана каржылайт. Муну үчүн шаар бюджетинен жыл сайын 72 миллион сом ажыратылып турат. Жакында мүмкүнчүлүгүбүзгө карап Юбилейный  кварталын дагы экиге бөлүүнү мерчемдеп жатабыз. Анткени, калкыбыздын саны уламдан улам көбөйүп гана баратат. А чындыгында, 7 мектеп, 3 бала бакча дагы шаарыбызга аздык кылчудай.

-Кеңейген сайын калаанын тазалыгын дегеле кантесиздер?

-“Тазалык” мекемеси мурун акционердик коом эле. Муну дагы акырымуниципалдык ишканага айландырдык. Эл аралык донор уюмдарды таптык. Буюрса, июль айына дейре Азия Өнүктүрүү Банкы аркылуу жаңы техникаларды жана дагы заманбап чоң кутучаларды сатып алып, баарын тең бир мезгилде тегиз ишке түшүрөбүз.

-Бакытбек мырза, байкашыбызча, канализация кендириңиздерди кесип, социалдык бир катар көйгөйлөр дагы Сиздерге олуттуу түйшүк жаратчудай?

-Өзү Кара-Суу шаарында тээ Союз маалында деле канализация болгон эмес! СССР ураар алдында дагы маселе абдан катуу каралып, тилекке каршы, каржылоо маселеси таптакыр чечилбей калган экен. Эми гана Европа Өнүктүрүү Банкы дал ушул өңүттө 290 миң евро ажыратып, бул жараянды – Кара-Суу шаарына канализация курууну Чехиянын Ханза ишканасы аткарып жаткан чагы.

Ошентип, таза суу долбоору ишке кирсе, албетте, мындан баарыбыз тең утабыз. Анан дагы жергиликтүү бюджеттенби, же дагы ишенчиликтүү Донор табабызбы, жетишээрлик каражат эптештирип, буга улай Кара-Суу шаарында көп кабаттуу үйлөрдү курганга дагы биз абдан кызыкдарбыз. Ошондо бир катар социалдык маселелерибиз (турак жай, балдар ойноочу аянтчалар, балдар бакчасы, сейилдөөчү бактар) өзүнөн өзү чечилээрине мен бөркүмдөй ишенем!  

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17