Аймак

КАДАМЖАЙДА HYUNDAI AVANTE УНААСЫ ТОЛУК БОЙДОН ӨРТТӨНДҮ

КАДАМЖАЙДА HYUNDAI AVANTE УНААСЫ ТОЛУК БОЙДОН ӨРТТӨНДҮ

 1,752 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Hyundai Avante унаасы толук бойдон өрттөнүп кетти. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөКадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунун болжолдуу 120-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жаткандыгы туурасында чукул маалымат келип түшкөн. Ошондуктан, тилсиз жоо менен күрөшүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу№7- өрткө каршы куткаруу бөлүмү толук тартылды. Жалын дароо чектөөгө алынып, кыска убакытта толугу менен өчүрүлдү.  

Тилекке каршы, аталган автоунаа заматта эле өрттөнүп кетти. Бактыга жараша, адам өмүрүнө эч зыян келтирилген жок.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17