Аймак

ИЗДЕЛГЕН БАЛА ТАБЫЛДЫ

ИЗДЕЛГЕН БАЛА ТАБЫЛДЫ

 1,038 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ош шаарынан табылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Султанбаев Абдумалик, 2022-жылдын 3-июнь күнү саат 10.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткан. 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан уулун таппай айласы кеткен  апасы 1973-ж.т. М.Р. милицияга жана коомчулукка жардам сурап кайрылган.

Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана балдардын укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан Абдумалик жүргөн жеринен табылып, Сузак РИИБдин балдар менен иштөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми  Абдумалик Ош шаарынан Сузак РИИБге алынып келинип, апасынын карамагына тапшырылган. Өз учурунда кубанычында чеги жок ата-энеси милицияга ыраазычылыгын билдирип өттү.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБи өз жарандык милдетин аткарып, кайдыгер карабай, дайынсыз болуп жаткан бала туурасында телефон аркылуу чалып маалымат берип жаткан жарандарга да алдын ала ыраазычылык билдирет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17