Аймак

ЕРӨБдүн МУРДАГЫ БАШЧЫСЫ ШАВКАТ МИРЗИЁЕВДИН КЕҢЕШЧИСИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛАТ

 621 Бардыгы /

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) мурдагы президенти Сума Чакрабарти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин экономикалык өнүгүү, эффективдүү башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалат.

Бул тууралуу Сума Чакрабарти “Твиттердеги” баракчасына жазды.

«Реформалар программасын иш жүзүнө ашырууга жардамдашууну чыдамсыздык менен күтүп жатам», – деген ал.

Чакрабарти мындан тышкары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге экономикалык өнүгүү жана эффективдүү башкаруу маселелери боюнча кеңешчи болуп дайындалганын да кабарлады.

Сума Чакрабарти ЕРӨБдү 2012-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. Ага чейин (2002-2007-жылдары) Улуу Британиянын Юстиция министрлигинде жана Эл аралык өнүгүү департаментинде иштеген.

Быйыл июль айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ЕРӨБ менен Өзбекстан ортосундагы стартегиялык өнөктөштүктү жолго коюудагы жана көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүдөгү салымы үчүн Суму Чакрабартини «Дустлик» ордени менен сыйлаган

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17