Аймак

«ГАЗПРОМ КЫРГЫЗСТАН» 2021-ЖЫЛДЫН 31-АВГУСТУНА ЧЕЙИН ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНА КОШУЛУУ ҮЧҮН АКЦИЯ ЖАРЫЯЛАЙТ

«ГАЗПРОМ КЫРГЫЗСТАН» 2021-ЖЫЛДЫН 31-АВГУСТУНА ЧЕЙИН ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНА КОШУЛУУ ҮЧҮН АКЦИЯ ЖАРЫЯЛАЙТ

 2,049 Бардыгы /

Эми сиздин үйүңүздү экологиялык таза отунга – жаратылыш газына кошуу жеңил болуп калды!

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын жашоочуларын жаратылыш газына кошуу үчүн атайын акцияны жарыялады. 2021-жылдын 31-августуна чейин аталган облустун жашоочулары жаратылыш газына арзаныраак баада кошула алышат. Ал үчүн «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жакыныраак жайгашкан КТБна же GAZPROM KG бекер мобилдик тиркемеси аркылуу газдаштыруу үчүн билдирме калтырышыңыз керек.

Пайдасы кандай?

31-августка чейин «Газпром Кыргызстан» компаниясы газдаштыруу боюнча керектүү жумуштарды акысыз жүргүзөт:

Жумуштун түрүАкцияга чейинки бааАкция боюнча баа
Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн техникалык шарттарды берүү29620 сом
Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн тышкы газ өткөргүчтөрдүн эскиздик чиймесин макулдашуу704,480 сом
Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн ички газ өткөргүчтөрдүн эскиздик чиймесин макулдашуу141,120 сом
Техникалык документтерди кабыл алуу, каттоо, газ шаймандарынын иш жүзүндө орнотулушунун долбоорго дал келүүсүн текшерүү; жеке сектордогу турак үйдүн биринчи газ шаймандарын ишке киргизүү жана тууралоо иштери (контролдук кысуудан өткөрүү)208,320 сом
Жеке сектордогу турак үйдүн кийинки ар бир газ шаймандарын ишке киргизүү жана тууралуу иштери82,880 сом
Жеке сектордогу турак үйлөрдүн турмуш-тиричилик шартындагы колдонуучуларын газга кошуу1247,680 сом
Жаңы газдаштыруудагы жеке сектордун турак үйүнө биринчи жолку газды кое берүү389,760 сом
Жалпысынан алганда абонент 3000ден 5000ге чейин үнөмдөйт

Максималдуу пайданы кантип алса болот?

Жараталыш газына мындан дагы пайдалуу кошулуу үчүн KyrSEFF, KICB банкынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын экинчи акциясына катышыңыз–12 айга бөлүп төлөө менен энергоэффективдүү газ мешин сатып алыңыз. Акциянын шарттарына ылайык, KyrSEFF энергоэффективдүү газ мештерин алуудагы насыянын суммасынан 20%га чейинки бөлүгүн грант түрүндө кайтарып берет. Акция боюнча мештерди насыяга алуу насыясыз алуудан да арзанга турат.

Пайдалуу шилтемелер

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17