Аймак

USAID БОРБОР АЗИЯДАГЫ СООДАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖАҢЫ ДОЛБООРУН ЖАРЫЯЛАДЫ

USAID БОРБОР АЗИЯДАГЫ СООДАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖАҢЫ ДОЛБООРУН ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,164 Бардыгы /

          НУР-СУЛТАН, КАЗАКСТАН.  АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда жүзөгө ашырыла турган 19 миллион долларлык жаңы беш жылдык долбоорун жарыялады. Жаңы долбоор буга чейинки жетишкендиктерге негизделип, аймактык соода-сатык, ишканаларды өнүктүрүү жана регионалдык байланышты күчөтүүгө багытталат. 

          АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу Ишенимдүү өкүлү Соната Коултер бул долбоорду кубаттагандыгын жашырган жок: – Борбор Азиянын кайрадан дүйнөлүк соода борбору болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул долбоор Борбор Азиянын Аймактык жана Эл аралык соода байланыштарын туруктуу өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө гана жардамдашат. Биз товарлардын тезирээк жүгүртүлүшүнө жана жаңы рыноктордун ачылышына жардам берүү үчүн Кыргыз өкмөтү жана Кыргыз ишкерлери, ошондой эле компаниялары менен өнөктөш болууну чыдамсыздык менен күтөбүз!

          Баса, аталган долбоордун алкагында үч стратегиялык максатка жетүү үчүн USAID мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жактан үзгүлтүксүз жардам көрсөтөт. Биринчиден, бул долбоордун иши бажы жана чек ара процедураларын шайкеш келтирүү үчүн чыгымдарды азайтуу жана күтүү убактысын кыскартуу жана региондогу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. Экинчиден, долбоор өсүшкө түрткү бере турган жана инвестицияларды көбөйтө турган пайдалуу реформалар боюнча мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы диалогду жеңилдетет. Үчүнчүдөн, мындан тышкары долбоор Борбор Азия чөлкөмүндө жана аймактан тышкары жайгашкан кызыктар болгон тараптардын транс чек аралык соода байланыштарын жогорулатууга дагы өбөлгө жаратмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17