Аймак

КЫРГЫЗСТАН КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРДҮН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛЕРИН “ТОКТОГУЛГА” ЧАКЫРДЫ

КЫРГЫЗСТАН КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРДҮН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛЕРИН “ТОКТОГУЛГА” ЧАКЫРДЫ

 1,104 Бардыгы /

Энергетика министрлиги Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин “Токтогул” суу сактагычындагы абалды көрүп кетиш үчүн Кыргызстанга чакырды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.

“2022-2023-жылдан өтүү боюнча январдын үчүнчү декадасына Казакстандын энергетика министрин, суу тармагындагы министрин, Өзбекстандын да энергетика министри менен суу тармагындагы жетекчисин чакырдык. Аларды “Токтогул” ГЭСине алып барып суунун көлөмүн көрсөтөбүз. Ортобузда атаандашуу болбой шериктеш бололу деп сунуш кылып кат жөнөттүк”.

“Электр станциялары” ишканасынын сайтында суу сактагычтагы суунун көлөмү 18-январга карата 9 млрд. 559 куб метрди түздү.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

“Токтогул” суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен. Жайында Кыргызстан коңшулары Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн “Токтогулдан” суу коё берет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17