Аймак

ОШТОГУ КОНДИТЕРДИК ЦЕХ ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН ПЕЧЕНЬЕ МЕНЕН ЖАЛГЫЗ ЭЛЕ КАМСЫЗДАЙТ

ОШТОГУ КОНДИТЕРДИК ЦЕХ ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН ПЕЧЕНЬЕ МЕНЕН ЖАЛГЫЗ ЭЛЕ КАМСЫЗДАЙТ

 2,042 Бардыгы /

          ОШ. Жеке ишкер Махамаджан Аскаралиев өзүнүн үй-бүлөсү менен кеңешип, заманбап чакан цех  ачкан. Бул кичи өндүрүш алты жылдан бери Кыргызстандын бүтүндөй Түштүк аймактарын печенье менен үзгүлтүксүз камсыз этип келатат.

  • Ушул тапта печеньенин жыйырмадан  ашуун түрүн өндүрүп жатабыз, –деди жергиликтүү ишкер Махамаджан Аскаралиев. – Туруктуу кардарларыбыз Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде толтура. А түгүл айрым мезгилде Бишкек шаарынан деле буюртма  түшүп турат. Дал ушинтип жергиликтүү тургундарды дагы жумуш менен үзгүлтүксүз камсыздап жатабыз. Буюрса, жакын арада цехибизди ого бетер кеңейтебиз. Ошондо дагы кошумча он эки адам ишке жайгаштырылмакчы.

          Кыскасы, Ош жергесиндеги бул үй-бүлөлүк цех чукул арада заманбап жабдыктарды дагы көбөйтүп, Түркия бөлкө нанын жана булочкаларын өндүрүүгө бекем адистешээри күтүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17