Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ БАЛДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КИТЕПТЕР БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ БАЛДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КИТЕПТЕР БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

 1,584 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен “Китепкөй Жалал-Абад” жана “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун өкүлдөрү бир нече китептин автору, “Жамгыр” басма үйүнүн негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраев менен биргеликте шаардагы “Ак жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна, “Ак- Бермет” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга китептерди белекке беришти.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдагандай, Мамбетасан Ибраев балдардан кабар алып, аларды китеп окууга чакырып, келечекте билим менен дүйнөнү багындырууга болорун белгиледи.

Ушул эле саамалыкка улай өлкө башчысы Садыр Жапаровдун  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык, Мамбетасан Ибраевдин “Жаңы күч” көркөм тасмасы Барпы атындагы драма театрда көрсөтүлдү. Жаштарга тарбия берүүчү көркөм тасманын бет ачарына Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова да катышып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле жаштарга арналган мындай иш-чараларды уюштурууга шаар бийлиги ар дайым колдоо көрсөтө турганын белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17