Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,891 Бардыгы / ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков 2022-2023-окуу жылынын башында кесиптештерине жана дагы аталган ЖОЖдун студенттерине атайын Кайрылуу жасады. -Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өлкөбүздөгү алдыңкы 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам ыйгарылды. Булардын катарында Ош мамлекеттик университети дагы бар. Мунун эң негизги максаты – окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө жаратуу. Президент Садыр Жапаровдун […]
1,892 Бардыгы / ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков 2022-2023-окуу жылынын башында кесиптештерине жана дагы аталган ЖОЖдун студенттерине атайын Кайрылуу жасады. -Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өлкөбүздөгү алдыңкы 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам ыйгарылды. Булардын катарында Ош мамлекеттик университети дагы бар. Мунун эң негизги максаты – окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө жаратуу. Президент Садыр Жапаровдун […]
ОШМУнун РЕКТОРУ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ЖАНА СТУДЕНТТЕРГЕ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ
02.09.2022 / Автор anarkan_kg1,893 Бардыгы /
ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков 2022-2023-окуу жылынын башында кесиптештерине жана дагы аталган ЖОЖдун студенттерине атайын Кайрылуу жасады.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өлкөбүздөгү алдыңкы 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам ыйгарылды. Булардын катарында Ош мамлекеттик университети дагы бар. Мунун эң негизги максаты – окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө жаратуу. Президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасына ылайык жакынкы 5 жыл аралыгында биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги эң алдыңкы университеттердин катарына кирүүбүз абзел! Өзгөчө макамга татыган окуу жайлар үчүн академиялык, каржылык жана дагы башкаруу саясатынын эркиндигинин ыйгарылуусу окуу жайыбыздын бийик максаттарын жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүк жаратып олтурат. Ошентип, Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлар кайрадан түзүлүп, айрым институт, академиялар акыры университеттерге бириктирилди. Мындай ирилештирүү саясатына ылайык Түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири окуу жайы Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12-кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы бүтүндөй базасы менен ОшМУнун карамагына толук бойдон өткөрүлдү. Аталган мекемелердин аймагында азыр ири курулуштарды баштап жатабыз. Учурдан пайдаланып окуу жайдын курамына кошулган мекемелердин студенттерин жана жамаатын жаңы окуу жылы, Эгемендүүлүк майрамы менен чын ыкластан куттуктаймын! Биз биригип гана зор ынтымакчылык менен бийик максаттарды жүзөгө чогуу-чараан ашырабыз! – деп агынан жарылды ОшМУнун ректор, профессор Кудайберди Кожобеков.
Баса, ОшМУ акыркы бир жылда кырктан ашуун окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди түзүп, эл аралык байланыштары бир топ кеңейди. Ал мындан ары АКШ, Кытай, Малайзия, Германия, Франция, Польша, Түштүк Корея, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бир нече ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине дагы кол койду. Буга улай алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түптөлдү. Ошентип, эки жыл ОшМУда, дагы эки жыл башка чет өлкөдөгү жогорку окуу жайында билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат. Дагы бир жетишкендик: акыркы эки жылда илимий долбоорлор үчүн 17 миллион сом өлчөмүндө каражат ажыратылды. Алгачкы жолу ОшМУда математика жана медицина багыты боюнча PhD докторантура ачылып, иштей баштады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.