Аймак

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУНУ КАБЫЛ АЛДЫ

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУНУ КАБЫЛ АЛДЫ

 897 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 29-декабрь күнү Жалал-Абад  шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эл аралык Кембридж YLE (Англия) сертификатына ээ болгон окуучу, Куттукбек Арыкбаевди кабыл алып, жараткан ийгилиги жана жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ошондой эле мэриянын ыраазычылык барагын тапшырды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

Куттукбек Арыкбаев Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында 8-класста окуйт. Ал бир катар олимпиада жана сынактарда алдыңкы орундарды ээлеген.

Белгилей кетсек,  Кембридж YLE (Англия) сертификатына ээ болгон окуучу дүйнө жүзү боюнча 20 миңден ашуун мекеме-ишканаларга жана 160 мамлекет тааныган окуу жайларга кире алат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17