Аймак

ЛАТЫН АРИБИН УРУНУУ – МЕЗГИЛДИН ТАЛАБЫ

ЛАТЫН АРИБИН УРУНУУ – МЕЗГИЛДИН ТАЛАБЫ

 1,689 Бардыгы /

          БУРСА. Туркиянын Бурса шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар Кеңеши латын арибинин негизинде Орток Түрк тамгасын түзүү демилгесин кызуу көтөрдү.

          Бул окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев дагы өз позициясын ачыктап, Кыргызстан 1993-жылы эле латын алфавитине өтүү милдеттенмесин алгандыгын акыры жар салды.

– Акыйкатттык үчүн айта кетели, латын тамгасына өтүү боюнча саясий чечим жана Түрк тилдүү мамлекеттер алдында милдеттенме көптөн бери эле бар. 1993-жылы Кыргызстандын ошогездеги вице-премьер-министри, академик Абдыганы Эркебаев дал ушундай келишимге кол койгон. Бирок, биз эмнегедир бул процессти оголе кечеңдеттик. Айрым журналисттердин «Бул биринчи болуп атат» дешкендерине мен дегеле макул эмесмин! – деп тызылдады Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев Түрк тилдүү мамлекеттердин баары тең Латын арибине эчак эле жапырт өтүшкөндүгүн, а мында Кыргызстан көч артында калгандыгын кошумчалады. Бирок, биз буга кандай форматта өтөбүз? Ал кантип каржыланат? Бул өзүнчө маселе….

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17