Аймак

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 1,116 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 25-январь күнү Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Эрнист Зияйдинов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ырысбек Калчаев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мугалимдер жана окуучулар катышты. Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын шаардык этабына жалпы 527 окуучу катышып, 62 окуучу 1-2-3-орундарга татыган. Алардын ичинен 38 окуучу алдыда облустук олимпиадага катышат.

Белгилей кетсек, аталган олимпиадага Жалал-Абад шаарындагы 18 муниципалдык, 6 жеке менчик мектеп жана лицейлердин окуучулары катышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17