Аймак

МЭР ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

МЭР ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

 783 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаадагы Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин англис тили боюнча дүйнөлүк олимпиадада алтын медаль тагынган 7-класстын окуучусу Элнурбек Аскарбековду, күмүш байге уткан 10-класстын окуучусу Марлен Орозалиевди жана коло медалга ээ болгон 10-класстын окуучусу Теңизбек Токтомушевди кабыл алды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдагандай,

шаар мэри окуучуларды жана аталаган лицейдин эмгек жамаатын куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Олимпиада Англияда өтүп, ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышкан.

Белгилей кетсек, олимпиада онлайн түрдө өткөрүлгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17