Аймак

ОБЛУСУНДА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ МИЛИЦИЯНЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ

ОБЛУСУНДА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ МИЛИЦИЯНЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ

 951 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 1-сентябрда мектеп окуучуларынын коопсуздугу Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуучуларды кабыл алып жаткан мектептерде иш алып барышууда. Алар автоунаа  көп жердеги жол чийиндерден окуучулардын өтүүсүн жана коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.

Ошондой эле айдоочуларга автоунаасын мектептердин жанында акырын айдоо керектиги түшүндүрүлүп, жол эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилип жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17