Аймак

ЭАУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ

ЭАУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ

 1,155 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 15-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жаңы 2021-2022-окуу жылы салтанаттуу чогулуштан башталды. Бул тууралуу ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык,К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, университеттин ректору,экономика илимдеринин доктору, профессор, РМА академиги Сатыбалды Өмүрзаков студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга окууда албан-албан ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалады. Ректор менен бирге бир катар жетекчилер да өз куттуктоолорун айтып кетишти. Салтанатка ЭАУнун Үзгүлтүсүз билим берүү институтунун, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледжинин, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин, Эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары катышты. Бардык студенттер, агай-эжекелер окуу жараянынын кадимки тартипте башталышына абдан сүйүнүштү. ЭАУнун ректораты бардык студенттерге жаркын маанай, чың ден соолук жана жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалашты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17