Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде БИР КАТАР ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде БИР КАТАР ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

 1,095 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад ОИИБде 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата бир катар журналисттер сыйланышты.

Облустагы бир катар жуналисттерге КыргызРеспубликасынын ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана ардак грамоталары тапшырылды.

Журналисттерге сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев алардын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады. Элибизге тура маалымат жеткирүүдө талыкпастан ак эмгек менен кызмат өтөп, позитивдүү маалыматтардын көп болуусуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматкерлеринин жумушу жоопкерчиликтүү экендигин белгилеп, иштеринде ийгиликтер жарала беришин каалады.

Өз кезегинде сыйлык алып жатышкан журналисттер ыраазычылыктарын билдирип, милициянын аткарып жаткан жумуштарына оң бааларын беришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17