Аймак

ӨЗГӨНДӨ 375 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ӨЗГӨНДӨ 375 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,290 Бардыгы /

          ОШ. Өзгөн районунун Көлдүк Айыл Өкмөтүнө караштуу Шамал-Терек айылындагы Р. Конкошев атындагы мектептин жаңы курулушу аяктап, толук кандуу пайдаланууга тапшырылды.

          Жаңы агартуу журтунун ачылыш салтанытына Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Жумаев, белгилүү тарыхчы-журналист Кыяс Молдокасымов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мурат Раматов жана жергиликтүү тургундар катышышты.

          Баса, заманбап жаңы мектептин имараты 375 окуучуга ылайыкташтырылган. Жалпы сметалык баасы 66 миллион сомду түзөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17